Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-5
Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылынын "Жан-Сарык " мечитине айыл өкмөтү тарабынан 1996-жылы 23-май айындагы № 138 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жайгашкан "Жан-Сарык" мечитинин имаратынын жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, башка жерге Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний уюмду эсептик каттоо жөнүндөгү № 1909-ИМ күбөлүк диний уюм "Абшыр-Ата" атындагы мечити Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 2013-жылдын 02-декабрында катталгандыгына жана диний уюмдардын бирдиктүү реестрине киргендигине негиз Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 1996-жылы 23-майда чыккан № 138 токтомун жокко чыгаруу максатында Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жайгашкан "Жан-Сарык" " мечитинин имаратынын жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу, башка жерге Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний уюмду эсептик каттоо жөнүндөгү № 1909-ИМ күбөлүк диний уюм "Абшыр-Ата" атындагы мечити Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 2013-жылдын 02-декабрында катталгандыгына жана диний уюмдардын бирдиктүү реестрине киргендигине негиз Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылынын "Жан-Сарык "мечитине айыл өкмөтү тарабынан 1996-жылы 23-май айындагы № 138 токтомун жокко чыгаруу үчүн Ноокат райондук сотуна берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-май № 138 токтомун жокко чыгаруу үчүн Ноокат райондук сотуна берүү жагы . Транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын курамы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомго тиешелүү болгон юридикалык иш кагаздарын даярдап, тактап берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |