Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын "21" май айындагы № 62 токтомуна негиз "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесинин 1-2-пуктуна негиз Т.Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын "21" май айындагы № 62 токтомуна негиз "Жал" айылдык ооруканасынын имаратын жери менен айыл өкмөтүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. "Жал" айылдык ооруканасынын юридикалык документтерин даярдоо жагы "Жал" айылдык ооруканасынын бөлүм башчысына , ҮДТ № 16 бөлүмүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын курамы милдеттендирилсин.
Төрага | А. Топчубаев |