Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели № 39
Дөң-Булак айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга айылдык округдун бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе округдун кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөң-Булак айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылы Дөң-Булак айылдык округунун бюджетинин киреше бөлүгү 16758,8 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 16784,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2011-жылга айылдык округдун бюджети кирешелер жана чыгашалары 13819,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2011-жылга айылдык округдун бюджетин түзүүчү булактары тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Айылдык округдун бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн 1% чейин өлчөмүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы болгон айылдык округдун резервдик фонду түзүлсүн.
5. Айылдык округдун бюджетине жергиликтүү салыктар менен жана салык эмес жыйымдар толугу менен тиркемеге ылайык чегерилсин.
6. Жергиликтүү бюджетке Республикадан берилүүчү максаттуу грант тиркемеде көрсөтүлгөн өлчөмдө бекитилсин.
7. Айылдык округдун 2010-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2011-жылдагы бюджетти аткарууда чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Дөң-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
У.Жамшитов |