Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-суу" ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2017-жылга иш пландарын жана тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчисинин 2016 жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2017-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ "Абшыр-Таза-Суу" ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2016-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 10 (он) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине ар бир жанга 20 (жыйырма) сомдон баа бекитилсин.
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 менен эсептеп түзүлгөн калькуляцияга ылайык төлөө белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин "суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына" жана А.Топчубаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Топчубаев |
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын «Абшыр таза суу» ИСКАКБсынын отчеттук кайра шайлоо чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
03.02.2017-жыл Кызыл-Булак айылы
Чогулушка 39 киши таза суу боюнча өкүлдөрү катышты, андан башка чакырылгандардан айылдык кецештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров айыл өкмөтүнүн айыл башчылары жана кызматкерлери катышып отурат.
Кун тартибиндеги маселер:
1) «Абшыр таза суу» ИСКАКБнын 2016-жылдагы аткарылган иштери боюнча Ш.Ахмедовдун отчету
2) «Абшыр таза суу» ИСКАКБнын 2016-жылдагы аткарылган иштеринин эсеби жөнүндө текшерүү комиссиясынын төрагасы У.Сатаровдун отчет} .
3) «Абшыр таза суу» ИСКАКБнын 2017-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору менен тааныштыруу. Бухгалтер М.Тажибаевдин билдирүүсү.
4) Ар түрдүү маселелер.
Кун тартибиндеги маселелер боюнча ИСКАКБнын аткаруучу директору Ахмедовтун отчету угулду жана бир добуштан жактырылды.
Экинчи маселе боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угул;у жана үчүнчү маселе боюнча 2017-жылга ИСКАКБнын болжолдуу бюджетинин долбоору билдирилди жана жактырылды. Андан кийин жарыш сөзго чыкгандар Сарыбай айылына суу жетпей жаткандыгы тууралуу айтып отту. Каримов Алмаз тариф боюнча жана аны антимонополиядан бекитип келүү маселесин көтөрдү. Сайпидинов Нажимидин ИСКАКБда САК сварка аппаратынын жоктугу. ошондой эле суу линияларынын үстүнө эгилип калган дарактар тууралуу айтып өттү жана жумушчулардын эмгек акысынын аздыгы тууралуу айтып өттү.
4. Көчкөнов Данияр - СООППВны муниципалдык менчикке өткөрүү жана балансты толугу менен айыл өкмөтүнө өткөрүү маселесин көтөрдү.
Муратов Акмат - депутат муниципалдык менчикке өткөрүү сунушун макулдады. Камчыев Кошназар – көчөдөгү гранттардын агып жатканы боюнча.
Адылов Акматтын көчөсүнөн суу чыкпай жаткандыгын айтты.
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров - ИСКАКБда аткарылып жаткан иштер жана ийгиликтер боюнча кеңири токтолду жана райондук администрация жана кеңештен жакшы иш алып баргандыгы үчүн Ш.Ахмедовко грамота менен еыйлоо сунушун айтты жана айыл өкмөтү тарабынан Таш-Булак, Баглан айылдарына проект менен суу алып келип жаткандыгы боюнча айтты. Ошондой эле Кош-Дөбө айылына да суу алып келүү боюнча тендер өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Жана жарыш сөзгө чыккандар ИСКАКБнын учет иштеринин жүрүшү салыктардын, соц казынага төлөөрдө кемчилик жоктугун текшерүү комиссиясынан сурашты.
Жогорудагы сын пикирлерди эске алып жалпы чогулуш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдагы «Абшыр таза суу» ИСКАКБнын аткаруучу директору Ш.Ахмедовтун отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Текшерүү комиссиясынын төрагасы У.Сатаровдун отчету канаттандырарлык деп табылсын.
3. 2017-жылга ИСКАКБнын бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
4. ИСКАКБнын башкаруу органынын мүчөлөрү болуп:
1. Төрагасы - Көчкөнов Данияр
2. мүчөлүрү: Жунусов Акбар
3. Паязов Жаанбай
4. Зикиров Абдыкаар
5. Сайпидинов Нажимидин
6. Маткаримов Курсан
7. Муратов Акмат
8. Чодонов Өктомдор
Текшерүү комиссиясына:
Төрага- Сатаров Увайдилла Мүчөсү - Калыев Абдивайт Мүчөсү - Надиров Толкун
Талаш-тартыш комиссиясына:
Төрага - Камчыев Кушб.ак
Мүчөсү: Миңбаев Карим
Мүчөсү: Разаков Осмондор шайланышсын.
5. ИСКАКБнын иш алып барууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнөн САК ширетүүчү аппараты кызматтык (служебный машина) машина жана эсеп иштерин жүргүзүү үчүн компьютер алып берүү жагы суралсын.
6. Ушул токтомду бекитип берүү жаты айылдык кеңештен суралсын.
2017-жылга «Абшыр таза суу» ИСКАКБнын болжолдуу бюджети
1. Суу системасынын жалпы долбоордук баасы 16992500 сом
2. Суу ичкен калктын саны 9800 адам 1960 кожолук
3. Уйундө колонкасы бар кожолук 540 даана адам саны 2700
4. Көчөдөн суу ичкендер 7100 адам 1420 кожолук норма: көчөден суу ичкендер үчүн 1 күнгө 40 литр короодон суу ичкендер үчүн 1 кунге 70 литр
Бир жылда керектелүүчү суунун көлөмү:
1) көчөдөн суу ичкендер: 7100 х,40 = 284 000 х 365 = 103660000: 1000= ЮЗббОмЗ
2) короодон суу ичкендер 2700 х 70 = 189 000 х 365 = 68985000: 1000 = 68985 м3
3) Айыл өкмөтү, мектептер, ФАП, маданият үйү, детсад ж.б. 23099,1мЗ
4) Лицей, больница 258,7 м3
Жалпы керектелүүчү суунун көлөмү 103660+68985+23099,1+258,7= 196002,8 м3
«Бекитемин»
«Абшыр таза суу» ИСКАКБнын аткаруучу директору,
_________ Ш.Ахмедов.
Абшыр Таза суу ИСКАКБнын элдерге берилүүчү ичимдик таза суунун өздүк наркын эсептее боюнча калькуляциясы
№ | Чыгымдын аталышы | өлчөө бирдиги | Суммасы |
| Жалпы керектелуучу суунун келему | м3 | 196002,8 |
1 | Эмгек акыга | сом | 429600 |
2 | Соц фонд 17,25% |
| 74106 |
3 | Материалдык чыгымдарга |
| 110 000 |
4 | Аммортизация 0,5% смета баадан |
| 84963 |
5 | Кезектеги ремонт 1% сметалык баадан |
| 169925 |
6 | Транспорт чыгымы |
| 116 800 |
7 | Резерв фонд |
| 84 963 |
8 | Командировка чыгымы |
| 14500 |
9 | Коммуналдык чыгымы |
| 30 400 |
10 | Эл.энергия |
| 29 600 |
11 | Прочие чыгымы 0,5% смет.баада |
| 84 963 |
12 | СЭС кызматы |
| 10 000 |
13 | Налог спродаж 3% |
| 57194 |
| Жалпысы |
| 1277014 |
| 5% кайтарым |
| 192 600 |
| 5% кайтарым водовод |
| 237000 |
| Жалпысы |
| 1706614 |
№ | Кызматы | Штат бирдиги | 1 айга эмгек акысы | Бир жылдык эмгек акысы |
1 | Аткаруучу директор | 1 | 6500 | 78 000 |
2 | Бухгалтер | 1 | 5500 | 66 000 - |
3 | Инженер координатор | 1 | 4500 | 54000 |
4 | Сантехник | 1 | 4500 | 54000 |
5 | Слесарь | 1 | 3700 | 44 400 |
6 | Контролер | 1 | 3700 | 44 400 |
7 | Кароол | 2 | 3700 | 88 800 |
| Жалпысы | 8 | 35 800 | 429 600 |
1 | соц фонд 17,25% | 8 | 6175,50 | 74106 |
3. СЭС кызматы 10 000
4. Аммортизация 0,5% сметалык бадан 84963 сом
А труба полиэтилен Д - 100, 150 200 мм 200 м х 300 = 60 000 сом Б) Труба асбест Д 100 мм 10 даана х 1750 = 17500 В) Хамут асбест Д - 100 14 х 350 = 4900
Г) Сольник резиновый Д - 100 28 х 91,53 = 2563 сом
5. Кезектеги ремонт 1% сметалык бадан 169 925 сом
а) Автокран кызматы 7000 сом х 4 квартал = 80 000 Винтия, задвижкаларды алмаштыруу Д - 100, 150, 200, 300,
1 кварталга 15 000 х 4 = 60 000
г) Электрод алуу учун 641 x3 = 1923 сом
б) Резерв фондуна 0,5% смета бадан 84 963 сом
7) Электр энергиясына 29 600 сом
8) Командировка чыгымдары 14 500 сом
9) Коммуналдык чыгымдар = 31 400 сом
(канн товар, ксерекс, компьютер, кызматтары) банк кызматы
10) Транспорт чыгымдар = 116 800 сом
11) Материалдык чыгымдар = 110 000 сом Хлор сатып алуу 734 х 150 = 110 000 сом
12) Прочие ЖБ чыгымдар 0,5% сметалык баадан 84 963 сом (семинарлар откоруу, ысык тамактар уюштуруу жумушчуларга материалдык жардам корсотуу жана сыйлоо ж.б. уюштуруу иштер алып баруу)
13) Сатуудан алынуучу салык 3% = 33818 сом Жалпысы 1161078 сом
14) 5% кайтарым 2 транш - 192 600 сом
15) 5% кайтарым водовод = 237000 сом Жалпысы: 1 590 678 сом
1 м3 суунун келему 8 сом 11 т х 0,5% рентабелдуулук = 0 сом 41 8 сом 11 т + 0,41 т = 8 сом 52 т
8,52 х 0,20% = 10 сом 22 т. мекеме ишканалар жана коммерциялык уюмдар учун
Начальник Ош Баткенского областного отдела госагенства антимонопольного регулирования КР
ПРЕЙСКУРАНТ ЦЕН НА ПИТЬЕВУЮ ВОДУ СООППВ «АБШЫР ТАЗА СУУ» ЗА 2017 ГОД
№ | Виды услуг | Единица измерения | Сумма |
1 | Стоимостиь питьевой воды | мЗ.сом | сом 15 тыйын |
9 ■ | Тарифы на выдачу технических услуг и подключение к сетям инженерного технического обеспечения | шт.сом | 3000 сом |
3 | Тарифы уличные | сом.чел | 10 сом |
4 | Тарифы дворовые | сом.чел | 20 сом |
5 | Организациям и учреждениям | сом . м3 | 10 сом 98 ' |
Исполнительный директор: СООППВ “Абшыр таза суу” ______________________________________________Ш. Ахмедов