Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2016-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2016-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү "Ходжа-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2016-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча суугат суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1 (бир) сотых жер аянтына 6 (алты) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 15 (он беш) сомдон тариф бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөолдөө жагы айылдык Кеңештин "айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо" боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |
Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын «Ходжа-Арык» суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2016-жылына карата жалпы өкүлдөрүнүн отчеттук жыйынынын
ПРОТОКОЛУ №1
Кызыл-Булак айылы 28.01 2017-жыл.
Суу пайдалануучулар оссоциациясынын жыйыныга жалпысынан 83 адам катышты. Анын ичинен аймактык өкүлдөр 44 адам. Айыл өкмөт башчылары 2 киши.Айылдык кеңештин депутаттары 10 киши.Фермер чарба жетекчилери 4киши.Айыл башчылар 7 киши.Кеңештин мүчөлөрү 9 киши.Талаш-тартыш комиссиянын мүчөлөрү 3 киши. Текшерүү комиссия мүчөлөрү 3 киши. СПАларды колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М. Арапов ж.б мүчөлөр катышты.
Чогулуштун президимуна 5 киши шайланды.
1. Д. Көчкөнов- чогулуштун төрагасы: Ходжа-Арык СПАсынын төрагасы:
2. Н. Эшимбаев- чогулуштун катчысы: Ходжа-Арык СПАсынын бухгалтерии:
3. М. Арапов-президумдун мүчөсү: СПАларды колдоо бөлүмүнүн адиси:
4. Н. Мадимаров- мүчөсү: Кулатов айыл аймагынын башчысы:
5. Н. Жоробеков-мүчөсү: Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы:
Чогулуштун күн тартибиндеги маселелер жана чогулуштун регламенти.
№
Каралуучу маселелер
Убактысы
Регламент
Жоопкер кишилер
Жалпы өкүлдөрдү жана суу пайдалануучуларды каттоо
930-1030
1-саат
Эшимбаев Н
Жалпы аймактык өкүлдөрдүн жыйынын ачуу
1030-1035
15-минута
Көчкөнөв Д
1.
«Ходжа-Арык» СПАнын кеңешинин төрөгасынын 2016-жылда аткарылган жумуштар боюнча отчету.
1035-1050
15-минута
Көчкөнөв Д
Алайчиев М
Камаров А
2.
«Ходжа-Арык» СПАнын текшерүү комиссиясынын отчету
1050-1100
10-минута
Саттаров У
3.
Насыя төлөмдөрүн кайтаруу боюнча маалымат.
1100-1105
5-минута
Камаров А
4.
СПАнын 2017жылга каралган божомол бюджеттик иш-планын бекитүү (сугат сууга болгон кызмат акыга көңүл буруу)
1105-1120
15-минута
Эшимбаев Н
5.
Ички каналдарды 2017-жылга сугат мезгилине даярдоо боюнча иш-планы менен тааныштыруу.
1120-1130
10-минута
Камаров А
6.
Ар-түрдүү маселелер (_________________________ )
1100-1130
30-минута
КөчкөнөвД
Алайчиев М
7.
Суроо, жооптор, жыйынды аяктоо ж.б
1130-1200
30-минута
КөчкөнөвД
Күн тартибиндеги маселелер боюнча жооптуу адамдар өздөрүнүн отчетторун, жыйынга талкууга коюушуп билдирүүлөр токтомго тиркелет.
Жарыш сөзгө: Суу пайдалануучулар Кыямидинов Аман ички арыктарды ашар жолу менен чабышка, айыл өкмөткө жана айыл башчылар элди ашарга чыгарууну айтып өтүү. Суу сурабай бургандарга айып салууну айты жана келишимге арык чабууну киргизишин сунуштады.
Назиров Абсаматын сөзүндө эл өздөрүү суу ичкен арыктары өз убагында чабылбай суу коромжулукка учуроодо деп айты.
Ынтымак айылынын тургуну Адиш, Ынтымак айылына кошумча штат ачып бир мурап жетишпей жаткандыгынын айты.
Жарыш сөзгө: Исраилов Бегали суу бөлүштүрүүчү дарбазаларды талкалап бузган адамдарга катуу чара колдонууну айты.
Жана башка жолдоштор сөзгө чыгышты Сатаров Увайдилла текшерүү комиссиянын отчетун берди аткарылган жумушта акча каражаты тууру багытка жумшалганын айтып өтүү. Ошондой эле финансы отчет (Аудит) 2015-2016-жылдардагы финансы отчетун текшерип, Акт жазууда эч кандай акча каражаты туура эмес багытка жумшалбаганын көргөзгөндүгүн айтып өтүү.
Жарыш сөзгө: суу пайдалануучу Разаков Ысак чыгып. Ходжа каналынын жээктери 80см көтөрүү керектигин айты ушул маселе жылда айтылып калып кетип жаткандыгын талкуулады.
Ахунов Алмаз сөзгө чыгып скважиналар боюнча айтып суу бизде жетишсиз скважиналарды оңдоп ишке берүү экендигин айтып өттүү.
Жооп: Айыл өкмөтүн башчысы Н. Мадимаров эски бузулуп калган Баглан, Кумайдан, Кожо-Арык, Кулуштан айылдарындагы скважиналарды демөөрчүлөр менен көрүп чыканбыз келип эми ишти башташ керек, азырынча жогорудан эч кандай кабар жок.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробеков, СПАнын 100%, 50% кредиттерин цемент завод жана башка ишканалардан келишимге негиз түшкөн акчаларды төлөп кутулуу керектигин сунуш кылышты жана токтомго киргизүүнү сурашты.
Жалалов Карим - мураптардын ишинин оордугун айтып, аларга жок дегенде грамота берип койбодуңар деген сунушту айтып өттү.
Жооп: СПАнын диретору А. Камаров бул маселе биздин эсибизде жылда мураптардын күнү белгиленет ошол мезгилде грамоталарды өзүм тапшырып жакшы иштегендерди эске алам.
Мурзаканов Мойдун, Сатаров Увайдилла мураптардын айлыктарын көтөрүү керектигин, ал үчүн тармактарга бериллүүчү төлөмдү 50 сомго же 100 сомго көтөрүп 150 сом же 200 сом кылуу керектигин айтышып токтомго сунушташты.
Абдуллаев Муктар – сууну өз башынча алып пайдалангандарга штрафты көбөйтүүнү сунуш кылды жана талаш тартыш комиссиянын ишин жакшы жолго коюшун сунушталды.
Жарыш сөзгө чыккандардын көпчүлүгү 2016-жылы СПАнын аткарган ишин канаатандырарлык деп баалашты.
Ходжа-Арык СПАсынын жалпы жыйыны жогоруларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ходжа-Арык СПАсынын бир жылдык аткарган жумуштарындагы кемчилдиктерин эске алуу менен канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2017-жылда суу пайдалануучулар менен толук келишим түзүп, келишимдин негизинде иш жүргүзүү, ички каналдарды сугат мезгилине чейин кезектеги оңдоодон өткөрүү, мураптар тарабынан СПА мүчөлөрүнө сугат суусун берүүнү күнүмдүк журналын жүргүзүү иштеринин аткарылышын камсыздоо жагы СПАнын директору А.Камаров тапшырылсын.
3. СПАнын текшерүү комиссиясынын отчету канатандырарлык деп табылсын.
4. СПАнын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү СПАнын 2017-жылда финансылык абалын жүргүзүү жагында мыйзам бузууларды болтурбоо жагынын жардам берүүгө милдеттендирилсин.
А) СПАнын кеңешинин курамы төмөнкү курамда бекитилсин.
1. Д.Көчкөнов.
2. А. Газыев.
3. Н.Калилов.
4. М.Мурзаканов.
5. А. Абдимажитов.
6. Ш.Муратов.
7. К.Жалалов.
8. Т. Абдурахманов.
9. Т. Көкөнов.
10. М.Жороев.
11. Б. Таникулов.
Б) СПАнын текшерүү комиссиясынын курамы төмөнкү курамда бекитилсин.
1. Абдулаев Муктар.
2. Кыямидинов Аман.
3. Сатаров Увайдилла
В) СПАнын талаш тартыш комиссиясынын курамы төмөнкү курамды бекитилсин.
1. Исраилов Бегали.
2. Камчыев куштар.
3. Ботобеков Шайдула.
4. 100%,50% техникалык насыя толомдорун келишимдеги кайтаруу графигин карап, кошумча каржы булактарын табуу менен төлөө жагынан СПАнын директору А. Камаров милдеттендирилип, жардам берүү жагынан СПАнын кеңешинин жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
Кирпич, ЮКЦ, Ак-Сай цемент заводорунан түшкөн акчаларды келишимге карай карап көбөйтүп ал акчаларды кредиттерди жабууга пайдалансын.
5. СПАнын 2017-жылга каралган божомол бюджеттик иш планын киреше жана чыгаша болгон 1171648 сом бекитилсин. Бюджетик иш-планына негиз сугат сууга көрсөткөн кызмат акы 0,1 (бир) га суугат аянтын 6 сомдон өзгөртүүсүз калтырылсын. Тармакка суу акысына 1 (бир) га суугат аянтына 15 сомдон бекитилсин.
6. СПАнын 2016-жылга каралган божомол бюджеттин жана суу кызмат акысы суугат 0,1га аянтына 6 сом. Ал эми тамаркага 0,1га үчүн 15 сом бекитип берүү депутаттардын айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
7. Ички суугат тармактарын жазгы суугат мезгилине даярдоо ашар ыкмасында тазалоо жана кезектеги оңдоо боюнча жер жерлерде график түзүү жагынан СПАнын директору А. Камаров милдеттендирилип, элди ашарга чыгаруу жана мобилизацилоо жагынан Т. Кулатов атындагы айыл аймагына жакындан жардам көрсөтүү жагы суралган.
8. Жогорудагы токтомдордун аткарылышы жана СПАнын иш-аракеттерине көзөмөл жүргүзүү жагы СПАнын кеңешинин төрагасы, Д. Көчкөновко жүктөлсүн.
Жыйындын төрагасы | Д. Көчкөнов |
Катчысы | Н. Эшимбаев |