Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-11
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн юридикалык жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн юридикалык жер салыгынын базалык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 31-декабрындагы 2014-жылдагы № 182 мыйзамында "Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Салык Кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргендигине байланыштуу айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн юридикалык жер салыгынын базалык ставкасы 10 % жогорулатуу менен өзгөртүү киргизилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге тапшырылсын.
Төрага | А. Топчубаев |