Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-12
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундарынын өз менчигиндеги кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун,жогорку чыңалуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана бак-дарактарын кесип алдыруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундарынын өз менчигиндеги кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыңалуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана бак-дарактарын кесип алдыруу максатында Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар-Кызыл-Кыя борбордук жолдун боюндагы жашаган айыл тургундарынын өз менчигиндеги кызыл-сызыкка чыгып кеткен тосмолорун, жогорку чыңалуудагы линиялардын столбаларын тосуп алган тосмолорун жана бак-дарактарын кесиптирип алдырылсын.
2. Айыл өкмөтүндө комиссия курамы түзүп, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |