Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 6/1
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаты Жайлообаев Азаматтын кайрылуусу жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаты Жайлообаев Азаматтын кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Жайлообаев Азамат 2017-жылдын 13-январында кыз ала качуу боюнча Нарын шаардык сотуна 2 жылдык сыноо мөөнөтүн алган. Учурда кассационный сотко кайрылып соттук иши толук бүтө элегине байланыштуу депутаттык ишмердүүлүгү узартылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бокоев |