Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 7/4
Баш-Кайыңды айыл тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кайыңды айылы аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринен Баткен катышуучуларына 1(бир) га жер аянты 5(беш) жылдык мөөнөткө арендага пайдаланууга бекитилип берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 5 жылга Келечек план түзүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Каналиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Баказаковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бокоев |