Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-августу № 11-1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишимди бекитип берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Н. Исанов айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап Н. Исанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистика маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Мамановко тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |