Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-3
Күнгөй Кожоке Дюкердик ыкма суу магистранын башкы жана аягындагы курулуштарына жер ажыратып берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия мүчөлөрү Ош шаарындагы "Түштүксуудолбоор" кооперативдик долбоорлоо конторасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер жана Суу Кодекстеринин койгон талаптарына ылайык даярдалган долбоор жана дюкер өтө турган тамарка жана үлүш жерлердин ээлеринин макулдуктарын тастыктаган документтер менен танышып, келечекте мамлекеттик стандартка жооп берген, мыйзам ченемине ылайык курула турган дюкердин "Федоров" каналындагы башкы курулмасынын жана Теш участкасынын жогор жагындагы напордук бассейнинин, суу топтой турган резервуардын жана жалпы узундугу 180 метр болгон бөлүштүрүүчү каналдардын ордун көрүү менен, бул долбоорду турмушка максатка ылайыктуу деп таап, төмөнкүдөй Токтом кабыл алды:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнгөй-Кожоке айыльнын Төш участогунун тургундарынан түзүлгөн демилгелүү топтун берген маалыматтарын эске алуу жана Н.Исанов атындагы айыл Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн атайын комиссия мүчөлөрүнүн чыгарган жыйынтыгынын негизинде Төш участогунун тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу максатында узундугу 4200 метр болгон дюкердин курулушуна руксат берилсин
2. Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан "Федоров" каналынын Төш участкасына чейин узундугу 4200 метр дюкердин, анын башкы курулмасы үчүн керек болгон 10 сотых жана Төш участкаынын башына курула турган дюкердин напордук бассейини, суу топтоочу резервуар жана жалпы узундуту 180 метр болгон бөлүштүрүүчү чакан каналчалар үчүн, зарыл болгон 2 гектар жер аянтынын чиймесин чийим, керектүү, АП3 документтерин даярдап берүү жагы суралсын.
3. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын башчысы Н. Асановго Ноокат райондук мамлекеттик админисграциясына жогоруда берилген 2.08 гектар жер аянтын трансформациялоо үчүн Кайрылууну даярлоо милдеттендирилсин.
Дюкердик курулушу боюнча уюштуруу жана каржы финансы маселелерин баштан аяк көзөмөлдөп баруу жагы Н. Исанов атындагы айыл Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн атайын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы Н. Исанов атындагы айыл Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн атайын комиссиянын жетекчиси, айылдык Кеңештин депутаты М. Сыдыковка тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |