Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-4
Токтогул көчөсүн атын өзгөртүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы Чеч Дөбө айылындагы Токтогул көчөсүндө жашаган 35 (оттуз беш) үй бүлөөнүн башчылары чогулуп жыйын өткөргөн. Жыйындын күн тартибиндеги маселе Токтогул көчөсүн атын көп жылдан бери Өзгөн, Ноокен райондорунда ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп кийинки учурда Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн башкы тергөчүсү болуп иштеп жүрүп, эс алуу курагына жеткенден кийин кадырлуу ардагер болгон Карабаев Рахман Ажынын атын коюу боюнча жыйын өткөрүшүп көчө тургундары айыл Кеңешинин депутаттарына кайрылган. Ошол өткөрүлгөн жыйынды карап талкуулап чыгып айыл Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Чеч Дөбө айылынын Токтогул көчөсүндө жашаган айыл тургундардын өткөргөн жыйындардын негизинде, Токтогул көчөсүнүн атын Карабаев Рахман Ажы көчөсү болуп өзгөртүлсүн. ( жыйындын Протоколу тизме тиркелет).
2. Карабаев Рахман Ажы көчөсү болуп өзгөртүлгөн көчөнүн атын жаздырып ар бир үйгө номерлер коюп чыгуу жагы Чеч Дөбө айылынын айыл башчысы Маматалиев Осмон Орозовичке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А. Топчубаевка тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
Чеч Дөбө айылынын Токтогул көчөсүндө жашаган айыл тургундарынын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Чеч Дөбө айылы «_02_» 07 2016- жыл.
Жыйынга катышкан 35 адам
Кожолук башчылары
Жыйындын төрагасы Эрмаматов Турасан
Катчысы Гайыпов Асан
Күн тартибиндеги маселе
Чеч Дөбө айылындагы Токтогул көчөсүн атын Карабаев Рахман Ажы атындагы көчөсү деп өзгөртүү жөнүндө. Бул маселе боюнча жыйындын төрагасы Эрмаматов Турасан маалымат берди.
2016- жылдын июнь айында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнөн Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө Ош облустук Ички иштер башкармасынын өтүнүч каты келип түшкөн. Анда милициянын атставкадагы подполковниги Карабаев Рахмандын атын өзү жашаган къчъгъ коюу сунушу айтылган. Анда Карабаев Рахмандын милиция органдарына 30 жылдан ашык кызмат кылгандыгын, Ноокен РИИБинде начальниктин орун басары, Ъзгън РИИБинде начальник, Ош облусунда тергөөчү, Ноокат РИИБинде тергөө бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип 1994- жылы атставкага чыккандыгы айтылат. Ошондой эле талыкпаган эмгегинин натыйжасында 8 медаль, ондогон громата менен, Ош -3000 юбилейлик медалы, Кыргыз СССР Жогорку Советинин Ардак громатасы менен сыйлангандыгын бегилешкен. СССР юристер съездинин делегаты болгон. Өз мезгилинде айылдык жана райондук советтин депутаты болгон деп кошумчалады.
- Рахман Карабаев пенсияга чыккандан кийин албастан, союз таркап эл оор кыйынчылыкка туш болгондо айылда айыл чарба кооперативи уюшулганда анын жетекчиси болуп 7 жыл жигердүү эмгектенди. Жан башына 100 кг-дан буудайды бекер берүүгө жетишти. Коопративдин бутуна таруп ушул убакка чейин жашап келе жаткандыгына Карабаевдин уюштурган жана биринчи жетекчиси катары эмгеги чоң. Бул кызматтан кеткенден кийин деле айылдын коомдук турмушуна активдүү катышып жетекчилик кылып келет. Жаштар маселесине къп көңүл бурат, аларды тарбиялоо боюнча үгүт Насаат иштерди талыкпастан жүргүзөт.
Ичимдике каршы аёсуз күрөш алып барууда. Такай контролдук жасап жана талап кылуусунун натыйжасында айылда арак саткан тачкалар жоюлду. Мас абалында коомдук тартипти бузгандар, майда хулигандык жасагандар жокко эсе.
Мектептерге барып чоң класстын окуучуларына кылмыштулук жана анын жоопкерчилиги боюнча лекция окуп жүрөт. Мечитте да жамаатты оң жака тарбиялоо боюнча аракет жасайт.
Ошондуктан мен Ош облусунун Ички иштер башкармасынын Карабаев Рахмандын атын өзү жашаган көчөгө коюу боюнча сунушун колдойм. Ал эми мурдагы аты Токтогул көчөсү жөнүндө айта турган болсок улуу акын Токтогул атындагы район, шаар, филармония, облустук китепкана, Оштун ортосундагы эң чоң Токтогул паркы бар. Мындан тышкары ондогон мектеп анын атын алып жүрөт. Биздин айылда анын атын бир көчөгө коюуга улуу акындын аты муктаж эмес.
Андан кийинки съзгъ чыккан, ардагер Турдубаев Абдырахманга берилди. Ал сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду.
- Б\г\нк\ жыйындын өтө маанилүү маселе көтөрүлүп жатат. КараБаев Рахманды мен бала кезден билем – ал совхоздун комсомол комитетинин секратары болуп жакшы иштеген. Пенсияга чыккандан кийин айылдын коомдук тарбия иштерине зор активд\\л\к менен катышып келе жатат. Эл арасында ынтымакчылыкты, биримдикти сактоодо къп аракет жасады. 1992- жылы айылыбыздын тоюн ътъ зор деёгээлде ъткър\\гъ жетекчилик кылды. Азыркы мезгилде айылдагы аксакалдар Кеңешинин търагасы. Бир топ проблемаларды ( суу, арак сатуугу тыюу салуу, үй бүлө маселелерди ж.б) чечүүдө юрист катары дайыма багыт берет. Майда уурулука, коомдук тартипти бузгандарга бейбаштарга каршы катуу күрөүш алып барат. Мен биз жашаган көчөгө Карабаев Рахмандын атын коюу боюнча сунушту колдоймун.
Жарыш съзгъ Маманов Садир.
- Мен жогорудагы айтылган сунуштарга толук кошуламын. Кошумчалай турган болсом Карабаев баарына тең эле айрыкча жетим жесирлерге, начар жашагандарга жардамын аябайт. Көчөбүзгө Карабаев Рахман ажынын атын койсок туура болот. Себеби ал кишинин эмгеги бар.
Сөзгө чыккан Сулайманова Кундуз - Биз Карабаев Рахман менен кошуна жашайбыз Жогорудагы айтылган жылуу сөздөрдүн баары туура Анын айрыкча жаштарга тарбия берүүдөү эмгеги чоң. Жогорудагы айтылган сунуштарга кошуламын.
Сөзгө чыккан Раева Сазда – Мен жогорудагы айтылган сунуштарга толугу менен кошуламын. Анын жаштарга айткан насаат създър\н къп жолу уктум. Көчөнүн атын Карабаев Рахман деп айтсак туура болот. Ал кишинин эл үчүн эмгеги зор.
Жарыш сөзгө Ысмаилов Абылкасым чыкты.
Мен эс тарткандан бери Карабаев Рахманды жакшы билемин. Ал кишинин жакшы сапаттарын көрүп эле жүрөбүз, башкалардан да угабыз. Айылыбызда ал кишинин жардамы тийбеген үй аз эле болсо керек. анын атын көчөбүзгө коюу сунушун толугу менен колдоймун, себеби ал кишинин жасаганын башкалар жасай элек.
Акырында жыйындын търагасы Эрмаматов Турасан сөз алды.
- Көчө тургундары тарабынан къп създър айтылды. Баары тең Карабаев Рахмандын жакшы сапаттарына токтолушту. Ош облустук Ички иштер башкармасынын сунушуна каршы болушкан жок.
Колго салганда баары тең азыркы Токтогул көчөсүн Карабаев рахман ажы атындагы көчөсү деп өзгөртүлсүн деп кол көтөрүштү.
Каршы, калыс жок Жогорудагылардын негизинде Чеч Дөбө айылындагы Токтогул көчөсүнүн жашоочулаынын чогулушу.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин Чеч Дөбө айылындагы Токтогул көчөсү Карабаев Рахман Ажы атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн атын жаздырып үйлөргө номерлерин илдирип айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп Чеч Дөбө айылынын башчысы Маматалиев Осмонго тапшырылсын.
3. Ушул жыйындын токтомун бекитип берүү жагы айылдык Кеңештин депутаттарынан суралсын.
Жыйындын төрагасы | Т. Эрмаматов |
Катчы | А. Гайыпов |