Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-5
Көчмөндөр оюнуна барып келүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл Кеңеши Ыссык Көл облусунда өткөрүлүүчү II Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндар фестивалына айыл өкмөтүнөн уюшкандык менен барып катышып келүү үчүн 2 Боз үй тигип көргөзмөгө коюлуучу буюмдарды өз убагында Портер жүк ташуучу авто машинасы менен алып барып келүү үчүн, жана Боз үй тигүүчү 13 адамга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң (жүз миң) сом акча ыйгарып берүү жөнүндө айыл Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтү Ыссык Көл облусунда өткөрүлүүчү II Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна 2 Боз үй тигип көргөзмөгө коюлуучу буюмдарды коюп кайра алып келү үчүн Портер жүк ташуучу авто машинанын жол акчасы жана Боз үй тигүү үчүн барган 10 адамга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүз миң сом акча ыйгарылып берилсин.
2. Көчмөндөр оюнуна барып келүү үчүн ыйгарылып берилген 100 миң (жүз миң) сом акчаны өз убагында таап берип каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Ботобаевка тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн экономист статиси А. Юлдашевка жүктөлсүн
Төрага | Ж. Нурмаматов |