Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-6
Кышка карата даярдык көрүү
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан мектептерди кышка карата даярдыгын көрүп чыгуу боюнча депутаттык комиссиялар түзүлүп. алар текшерүү учурунда айылдар боюнча жайгашкан мектептердин кышка карата даярдыгын көрүү учурунда бүгүнкү кунгө жарык келүүчү, электр линияларына тийүүчү тал теректердин бутактарын тазаланып жакшы даярдык көрүлүп жаткандыгын аныкталды. Электр тогу менен жылытыла турган мектептер: А. Осмонов ,А.Чынкараев, М В Ломоносов, Кожоке, атындагы орто мектептеринде кышка карата даярдыгын өтө жакшы экендиги белгиленди. Батарейкалар сырдалып, электр тогу келуучу зымдар -азыркы шартка жооп бере тургандай болгондугу көрүлдү. Ал эми көмур менен жылытылуучу мектептер Байыш, Алтын Казык. А. Жолдошов атындагы орто мектептеринде азыркы мезгилинде көмур түшө элек, бирок 27- августан башгап ташыла ту ргандагы аныкталды. Көмүрдүн сапаттуулугун текшерип алуу учун мектеп жетекчилерине түшундүрмө берилип. кышка карата жакшы даярдыктары көрүлгөн мектептерге акчалай сыйлык бериле тургандыгы айтылып айыл Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан А. Осмонов атындагы. А. Чынкараев атындагы, М.В. Ломоносов атындагы. Кожоке атындагы орто мектептерде кышка карата даярдыктарды көрүү учурунда жарык келүүчү электр линияларына тийуучу тал теректердин бутактары тазаланып жакшы даярдык көрүлгөн. Ал эми көмүр менен жылытуучу Байыш, Алтын Казык.
Жолдошов атындагы орто мектептеринде кышка карата көмүр 27- августа ташыла тургандыгы аныктала тургандыгын билип депутаттык комиссиялар кышка карата даярдыктарды канаттандыраарлык деп белгиледи.
2. Кышка карата жакшы даярдык көргөн алдынкы мектептерге айыл өкмөтү тарабынан ыйгарылган акчалай сыйлыктарды депутаттык комиссияларынын чечиминин негизинде ыйгарылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш альш баруу жагы маданият. билим, медицина, туризм, жана жаратылышты коргоо экология боюнча туруктуу комисияга тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |