Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-8
Оор жүк ташуучу ХО автомашиналары жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагына караштуу Ноокат, Көк Бел жолу, жолдун үчүнчү түрүнө кирет. Азыркы мезгилде Кичик Алай айылынан оор жүк ташуучу ХО автомашиналары 40 тоннадан ашуу жүк менен Кичик Алай айылындагы Бел алма жайлоосундагы жолдон көмүр ташып жатат. Бирок азыркы мезгилде оор жүк ташуу үчүн Ноокат, Көк Бел асфальт жолу мындан үч жыл мурун жаңыдан асфальт төшөлүп тегизделген болчу. Учурдун мезгилинде туруштук бербей асфальт жолдор абдан бузулуп жаткандыгын эске алып, асфальт жолдун абалын жакшы кармап калуу максатында. Н. Исанов айыл Кеңешинин аймагындагы жашаган элдер асфальт жол менен оор жүк ташуучу автомашиналар Көк Бел айыл өкмөтүнө караштуу сырт участкасындагы таштак жол менен көмүр ташуу үчүн, айыл Кеңешинин аймагындагы жашаган элдер арыз менен кайрылышкан. Ошол арызды угуп талкулап чыгып айыл Кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагына караштуу Ноокат, Көк Бел асфальт жолу менен каттап жаткан ХО оор жүк ташуучу автомашиналары Көк Бел айыл өкмөтүнө караштуу сырт жолуна кетүүчү таштак жолго салып көмүр ташуусу үчүн уруксат берилсин.
2. Ноокат Көк Бел асфальт жолунун абалын оор жүк ташуучу ХО автомашиналар көмүр ташып жолдун абалын бузуп жаткандыгына байланыштуу айыл тургундарынын арыздарын эске алып асфальт жолу менен оор жүк ташууга жол берилбесин .
3. "ОсОО Беш арча" көмүр кенинин жетекчисине токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Карамоторовка тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |