Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 12-9
Жар Коргон айылындагы ФАП жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагында жайгашкан Жар Коргон айылындагы ФАПтын абалы өтө начар болуп арт жагы апрель айында көчүп түшкөн. Аргасыздан башка жерге көчүрүүгө муктаж болгон. Азыркы мезгилде Жар Коргон айылындагы ФАПтын курулуш материалдарын иликтеп чыгып, фундаменттерин куруу үчүн керектелип жаткан акча каражаты азыркы учурда жок болгондугуна байланыштуу, айыл Кеңешинин депутаттары тарабынан төмөнкүдөй комиссиянын курамын түзүү жөнүндө.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагында жайгашкан Жар Коргон айылындагы ФАПтын курулуш материалдарын кайда кеткенин иликтеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй айыл Кеңешинин депутаттарына комиссиясынын курамы түзүлсүн.
1. Нурмаматов Жоодар- Айыл Кеңешинин төрагасы
2. Сыдыков Маматали - Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
3. Жапаров Таалай - Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
4. Осмонов Арип- Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
5. Мадумаров Жаныш - Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
6. Артыков Мелис - Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
7. Карамоторов Жуман - Айыл Кеңешинин депутаты мүчөсү
2. Айыл Кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамы ФАПтын курулуш материалдарын акчага чагып, иликтеп чыгып айыл Кеңешинин депутаттарына маалыматы берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл Кеңешинин депутаты Сыдыков Маматалига тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |