Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 4/1
Шалта айылындагы аты койулбаган көчөдө жашаган элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кенешинин депутаты, Тагаев Нурлан Нышанбаевич, Шалта айылындагы аты койулбаган көчөдө жашаган элдик жыйындын протоколу менен тааныштырды, айыл тургундарынын ысымын ыйгаруу боюнча сунушташкан, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Кыргыз тилинин грамматикасы»-деген тема боюнча илимдер академиясынын доктору, жогорку квалификациядагы илимий ишкер маркум Сарыбай Кудайбергеновдун өмүр баянын эмгек жолу менен тааныштырды.
Күнтуу айылдык Кенешинин депутаты, Тагаев Нурлан Нышанбаевичтин маалыматын угуп жана талкуулап:
Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылындагы Западная көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз тилинин грамматикасы»-деген тема боюнча илимдер академиясынын доктору, жогорку квалификациядагы илимий ишкер маркум Сарыбай Кудайбергеновдун атын ыйгаруу боюнча элдик жыйындын протоколу бекитилсин (жыйындын протоколу тиркелет)
2. Сарыбай Кудайбергеновдун уул кыздары менен биргеликте аты койулган көчөнүн иретке келтирилиши боюнча, баардык тиешелүү иштерди алып баруу, Шалта айылынын айыл башчысы А.Р.Кутманалиевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, билим берүү жана дин иштери, саламаттыкты сактоо, маданият маселелери, спорт, туризм, жаштар саясаты, мыйзамдуулук, депутаттардын этикасы, мыйзамдуулук жана кайрылууларды кароо боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |