Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 4/3
Күнтуу айылындагы аты койулбаган көчөдө жашаган элдик жыйындын токтомун бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Корголдоев Таалайбек Ишенбекович,Күнтуу айылындагы аты койулбаган көчөдө жашаган элдик жыйындын протоколу менен тааныштырды, айыл тургунунун ысымын ыйгаруу боюнча сунушташкан, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Есеналиев Жумагулдун өмүр баяны эмгек жолу менен тааныштырды.
Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап:
Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылындагы Проектируемое көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Есеналиев Жумагулдун атын ыйгаруу боюнча элдик жыйындын протоколу бекитилсин; (жыйындын протоколу тиркелет)
2. Есеналиев Жумагулдун уул кыздары менен биргеликте аты койулган көчөнүн иретке келтирилиши боюнча, баардык тиешелүү иштерди алып баруу, ТКЧ жана ӨК боюнча башкы адис Шилов Валерий Михайловичке тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, билим берүү жана дин иштери, саламаттыкты сактоо, маданият маселелери, спорт, туризм, жаштар саясаты, мыйзамдуулук, депутаттардын этикасы, мыйзамдуулук жана кайрылууларды кароо боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |