Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 4/4
Достук айылындагы таштандылардан арылтуу боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер жөнүндө
Достук айылынын тургуну, мониторинг жана баалоо боюнча комиссиянын мүчөсү Ниязов Рашид Сейитбековичтин маалыматы угулду, ал өзүнүн баалоосунда жана айыл тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнүн натыйжасында, Достук айылы менен чектешип турган, Новопавловка айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан ташталган таштандыларды, Достук айылынын тургундары тазалап келгендигин жана бул иш чараны тезинен чечилүүсү жөнүндө маалыматы угулду.
Достук айылынын тургуну жана мониторинг жана баалоо боюнча комиссиянын мүчөсү Ниязов Рашид Сейитбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап:
Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы жайгашкан Достук айылын таштандылардан арылтуу жана ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында, Достук айылы менен чектешкен жаңы конуштун чек арасын башкача айтканда №562 контурдун Достук айылы менен чектешкен жерин жабуу жагы каралсын;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевке, бүгүнкү күндөгү жыйылып калган таштандыларды тезинен чыгаруу жана чек араны тосуу менен таштанды төкпөө үчүн тыкыр көзөмөлгө алуусу жүктөлөт;
3. Мониторинг жана баалоо боюнча комиссияга чек араны тезинен бүтөө иши жөнүндө маалымат айыл Кеңешине маалымат берилип туруусу каралсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Айыл чарба, жер жана аграрадык саясат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо,өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын;
5. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |