Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 4/5
Күнтуу айыл аймагындагы «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс»-долбоорунан утуп алган 1000000(бир миллион сом) акчаны жергиликтүү бюджетке кириштөө жана чыгыштоо жөнүндө
БАП да «Күнтуу айыл аймагындагы жашаган жашоочуларды сапаттуу тейлөө үчүн, административдик имаратты капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү» долбоору кичи гранттар конкурсуна катышып, 1000000( бир миллион сом) акчаны утуп алганын жана ал акчага техника сатып алууну, жергиликтүү бюджетке кириштөө жана чыгыштоо жөнүндө билдирүү жасалды,
Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү саясат институтунун Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс»-долбоорунан утуп алган 1000000(бир миллион сом) акчаны жергиликтүү бюджетке кириштелсин;
2. Өнүктүрүү саясат институтунун Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс»-долбоорунан утуп алган 1000000(бир миллион сом) акчаны мыйзам чегинде, Күнтуу айыл аймагындагы жашаган жашоочуларды сапаттуу тейлөө үчүн, административдик имаратты капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүүгө чыгышталсын;
3. Токтомдун аткарылышы ФЭБ башчысы Т.А. Аранжановага милдеттендирилсин;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |