Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну № 4/7
Күнтуу айыл аймагынын тургуну Максутова Айнур Кубанычбековнанын арызы боюнча
Күнтуу айылдык Кеңешинин отурумунда, Күнтуу айылынын Сейдесинбаева көчөсүнүн тургуну Максутова Айнур Кубанычбековнанын маалыматы угулду. Ал Күнтуу айылындагы Иманалиева Көчөсүндөгү №19 үй ата-энесинен калган үй экендигин жана 2003-жылы системалык регистрация учурунда каттоого алынбай калгандыгын баяндап, учурда бир туугандарынын паспорту алынбай жаткандыгына байланыштуу бул үйдү арыз ээси Максутова Айнур Кубанычбековнага чечим чыгарып мыйзамдаштыруу берүүсү жөнүндө маалыматын угуп, Күнтуу айылдык Кеңеши талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевке Күнтуу айыл тургуну Максутова Айнур Кубанычбековнага ата-энесинен калган, Күнтуу айылында жайгашкан Иманалиева Көчөсүндөгү №19 үйдү, мыйзам чегинде мыйзамдаштырып берүүсү жүктөлөт;
2. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У. Астаркулов |