Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы №01-24/65 сандуу буйругунун негизинде “Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентине” алымча кошумчаларды киргизип,“Ак-Дөбө айылдык кеңешинин регламентин” иштеп чыгуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап, Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Добо айылдык кеңешинин регламенти”, “ Жергиликтүү кеңешинин типтүү регламантине” озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу менен бекитилсин.
Биринчи бөлүмдүн экинчи главасындагы 2.2 пунктундагы 5-маселе «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5- бөлүгү жокко чыгарылгандыгына байланыштуу алып таштоону;
Биринчи бөлүмдүн экинчи главасындагы 2.2 пунктуна кошумча маселе кылып: «Айылдык кенештин депутаты айыл өкмөт башчысынан жана анын кызматкерлеринен тиешелүү маалыматтарды жана тиешелүү материалдардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу» маселесин киргизүү;
- Биринчи бөлүмдүн төртүнчү главасынын 4.5 пунктун : «Айылдык кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт,алардын суроолоруна жооп берет.Чыгып сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 15 мүнөткө,корутунду сөз сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө чейин сөз берилет»;
- Ушул эле жердин 4.6 пунктун: «Айылдык кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөну каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет»;
Биринчи бөлүмдүн бешинчи главасынын 5.1 пунктуна кошумча маселе кылып: «Айылдык кенештин төрагасы сессиянын алдында мурунку сессияда кабыл алынган токтомдор тууралуу маалымат берет»;
Биринчи бөлүмдүн сегизинчи главасынын 8,4 пунктунАйыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын иш-милдеттери айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери аткарат.
Биринчи бөлүмдүн тогузунчу главасынын 9.4 пунктун: «Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кенештин депутаттарынын санынан: 3 төн кем болбоого жана 5 тен көп болбоого тийиш»;
-Ушул эле жердин 9.11 пунктуна таянып,туруктуу комиссиялардын түзүлүшүн томондогудой болот:
Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Айылдык кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен айылдык кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
Соц Комисисясы
Жер комиссиясы
Спорт комиссиясы
Финансы бюджет комиссиясы
Этика мандат комиссиясы
Биринчи бөлүмдүн он биринчи главасынын 11.6 пунктун: «Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы катышса,анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет.Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат»;
Биринчи бөлүмдүн он экинчи главасынын 12.3 пунктун: «Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы катышса,анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет»;
-Экинчи бөлүмдүн он алтынчы главасынын 16.3 пунктун: «Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт.Эгерде 15 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса,анда сессия болбой калды деп эсептелинет»;
-Ушулэле жердин 16.4 пунктунакошумчамаселе: «Туруктуукомиссиянынсунушубоюнча»;
Экинчи бөлүмдүн он жетинчи главасынын 17.8 пунктун: «Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 5 календарлык күнүнө чейин,калган баардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында аткарылат»;
18-главанын 18,3 пунктун: Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда айыл өкмөтүнүн маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн айылдардын ичиндеги көрүнүктүү жерлерге жана маалымат такталарга илинет.
Экинчи бөлүмдүн он тогузунчу главасынын 19.3 пунктуна кошумча маселе: «Айылдык кенештин төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарууга»;
Үчүнчү бөлүмдүн жыйырма бешинчи главасынын 25.9 пунктундагы: «Ар кандай маселелерге 10 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн»;
- Үчүнчү бөлүмдүн отуз биринчи главасынын 31.5 пунктун: «Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат»;
-Ушул эле жердин 31.7 пунктун : «Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса,токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет»;
Төртүнчү бөлүмдүн отуз алтынчы главасынын 36.2 пунктун: «Айылдык кенештин токтому мамлекеттик тилде киргизилет жана кабыл алынат»;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Джумакулов |