АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 3-февралы № 8
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын IV-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл кеңешинин депутаты Кочоркулов А. сунушун угуп К.Р. 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктун жетекчилике алып, Ак-Дөбө айыл аймагынын акча каражатын карап беруу жөнүндө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл Сай айылындагы АРИС уюму аркылуу жаңы Бала бакчанын иммаратын куруу үчүн Ак-Дөбө айыл аймагынан оздук салым катары 1.035.000 (Бир миллион отуз беш миң), Ак-Дөбө айылындагы маданият уйунун экинчи кабытындагы чоң залына ремонт иштерине жана эмеректерди алуу учун420.000 (Төрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Джумакулов |