Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 9
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын IV-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл кеңешинин депутаты Орозбаев Ж. сунушун угуп К.Р. 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32 беренесинин жетекчилике алып, Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары жөнүндө Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын IV -кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган №2 бала бакчасындагы болуп жаткан УДТнын жетекчиси менен бала бакчанын жетекчисинин ортосундагы келишпестикти териштируу максатында төмөндөгүдөй убактылуу комиссия курамы бекитилсин.
Джанчикулов М. Коодоков Н.Кенешов А .Конгайтиев А.
Байтереков К.Мадалиев Б. Турсунбаев Р.
2. Аткарылган туралуу иштери боюнча маалыматтарды 7 календарлык күндүн ичинде берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М. Джумакулов |