Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 9/3-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Б.Н.Кыргызалиевдин сунушу жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Б.Н.Кыргызалиевдин сунушун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 94, 98-беренелерин жетекчиликке алып, Кара- Көл шаарынын киреше бөлүгүн толтуруу жана шаар тургундарын жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында 7-чакырылыштагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Б.Н.Кыргызалиевдин сунушу жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясына (И.М.Еркеев) , ММБна ( Бабаканов Э.Э.) шаардын өнүгүү бюджетиндеги каражаттарга мамлекеттик сатып алууну уюштуруу иштеринде конкурска катышып жаткан иш аткаруучуларга Кара-Көл шаарына салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо үчүн убактылуу каттоого туруу жана жумушту аткарууга тартылуучу жумушчулардын 60-70 %ын жергиликтүү тургундардан алуу талаптарын коюу милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл шаарында конкурстан жеңүүчү болуп табылгандан кийин, келишимдер түзүлүп, жумуш аткарууга киришип жаткан фирмалар 15 күн ичинде салык органына каттоо жөнүндө арыз берсин. Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгы ( Муратов Т.Т.) бул талаптын аткарылышы жана фирмалардын Кара-Көл шаарында катталышы боюнча иш-чаралар системасын иштеп чыксын.
4. Кара-Көл шаарынын мэриясына ( И.М.Еркеев), Каскад Токтогул ГЭС ишканасына А.Кушубаков) Токтогул ГЭСинде жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерин аткарган фирма, мекемелерден салык төлөөчүнү эсепке алып каттоо үчүн убактылуу каттоого турууну талап кылуу милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), ММБна (Э.Э. Бабаканов), Каскад Токтогул ГЭС ишканасына ( А.Кушубаков), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.) ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |