Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 11/3-7
Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында цемент заводун курууга убактылуу пайдаланууга жер берүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында цемент заводун курууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун, “Шамшыкал-ата компани” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн курула турган цемент заводу жөнүндө маалыматтарын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 572-б буйругун, 2017-жылдын 02-мартында өткөрүлгөн коомдук угуунун протоколун жана ага тиркелген коомдук угуунун катышуучуларынын талаптарын эске алып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин, Кыргыз Республикасынын “ Жер Кодекси” жөнүндө мыйзамынын 20-беренесин,73-беренесинин 2-бөлүгүн, 74-беренесин Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 3-1 беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 98-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарына караштуу Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында цемент заводун курууга жер бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусу, “Шамшыкал-ата компани” ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн курула турган цемент заводу жөнүндө маалыматтары жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген ченемдик укуктук актылардын негизинде Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын карамагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер “ категориясындагы 49,27 га жер тилкесин:
а) кайрак айдоо жерлер жалпы аянты 16,02 га,
анын ичинен: айыл чарбасына жарактуу жерлердин фондусундагы жерлер-6,44 га, бөлүнбөгөн, кайрак айдоо жерлер -9,58 га;
б) жайыттар-25,51 га;
в) башка жерлер – 7,74 га “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер” категориясына которуп берүү ( трансформациялоо) жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун 2-пункту аткарылгандан кийин Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгынын аймагында “Шамшыкал –ата компани” ЖЧКсы тарабынан цемент заводун курууга 49 жылга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө макулдук берилсин.
4. “Шамшыкал-ата компани” ЖЧКсы менен шаардык мэриянын ортосунда түзүлүүчү келишимге 2017-жылдын 02-мартында өткөн коомдук угууда Кара-Көл шаарынын жана Жазы-Кечүү аймагынын жергиликтүү тургундарынын койгон талаптарын өзгөртпөй киргизүү жана кен байлыктарды сактоо, экологиялык, жер тилкесин рекултивациялоо үчүн каражат топтоо талаптарын, айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу маселелерин Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын чегинде чечүүнү, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын бузбоо милдеттерин, 2 жылдык мөөнөттө цемент заводун куруу иштерин “Шамшыкал-ата компани” ЖЧКсына жүктөө жагы, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө цемент заводу башталбаса, келишимди жокко чыгарып, жерди кайтарып алуу боюнча иш- аракеттерди жүргүзүү Кара-Көл шаарынын мэриясына жана Жазы –Кечүү аймактык башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жылына түзүлүүчү жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), Жазы- Кечүү аймактык башкармалыгына (Ж.О. Кокумбаева ), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |