Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 13/4-7
З.Сарсеитовго “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүшүнө көп жылдар бою кошкон салымы жана ак эмгеги үчүн Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Заирбек Сарсеитовго шаардын жогорку “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Шаардык мэрия менен шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө салтанаттуу З.Сарсеитовго “Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика,укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |