Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 21/4-7
Жазы-Кечүү жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды өткөрүп берүү жөнүндө
Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын милдетин аткаруучу Ж.О.Кокумбаеванын 11.04.2017-жылдагы чыгыш№01-6/66 сандуу катындагы «Жайыттарды Жазы-Кечүү жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө кайрылуусун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну шаардык кенеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – жайыт комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусу милдеттендирилсин
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт комитети жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), ал эми көзөмөлдөө жагы Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына(А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |