Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 22/4-7
Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыттарына мамлекеттик акт жасатуу жөнүндө
Жазы-Кечүү жайыт комитетинин төрагасы С.Б.Кыдыралиевдин 15.03.2017-жылдагы чыгыш №04 сандуу катындагы “Жайыт жерлерге мамлекетик акт жасатуу жөнүндө” кайрылуусун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын башында “Кыргызмамжердолбоорлоо” институту тарабынан даярдалып келинген жайыт жерлеринин картасы жана башка материалдарынын негизинде Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жалпы аянты 15550га (жазгы-күзгү 13003га,жайкы-1105га, кышкы1442га) жайытына мамлекеттик акт жасатууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын жайыттарына мамлекеттик акт жасатууга тиешелүү буйруктарды чыгарсын.
3. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын башчысына (Г.А.Таштанкулова), көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |