КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 23/4-7
Кара-Көл шаардык мэриянын кайрылуусу жөнүндө
Кара-Көл шаардык мэриянын Ленин көчөсүнүн №8 үйүнүн артындагы жер тилкесиндеги курулуш фундаментти муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жана ал жерге административдик имарат курууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясын жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-статьясын жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин көчөсүнүн №8 үйүнүн артындагы жер тилкесиндеги курулуш фундаментти муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алууга жана ал жерге административдик имарат курууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаардын мэриясы (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгы (Э.Э.Бабаканов)Ленин көчөсүнүн №8 үйүнүн артындагы жер тилкесиндеги курулуш фундаментти өткөрүп алуу жана административдик имарат куруу боюнча мыйзам чегиндеги тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов) көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | К. Уметов |