Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 24/5-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы К.А.Уметовдун кызмат орду жөнүндө
Кара-Көл шаардык кеңешинин 21 депутаттынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын билдирүүсүнэске алып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 4-главасынын 37-беренесинин 8-пунктун, 4-главасынын 25-беренесин, шаардык кеңештин регламентинин 11-главасынын 1-пунктунун 4, 5-абзацтарын, 3-главасынын 3-пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы К.А.Уметов ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөтүү шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары |
К. Батыркулов |