Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 8
Масы айыл өкмөтүнө кызматтык автоуна сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 21.01 №01-35/33а кайрылусун жана Масы айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө 2017-жылдын бюджетинен 1 даана 2015-жылдан 2017-жылга чейин чыгарылган ВАЗ- 212140-ЛАДА үлгүсүндөгү кызматтык автоуна сатып алуу үчүн 516000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Алыкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |