Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 2
Масы айылындагы К.Султанов көчөсү менен М.Кочкоров көчөсүнүн ортосундагы жер тилкесин жатак мектеп жана бала-бакча куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын 2017-жылдын 16.03. № 01-35/164-сандуу сунушу эске алынсын.
2. Масы айылындагы К.Султанов көчөсү менен М.Кочкоров көчөсүнүн ортосундагы 1,68 га жер тилкесинен жатак мектеп куруу үчүн 0,90 га жер тилкеси, ал эми бала-бакча куруу үчүн 0,78га жер тилкеси ажырытылып берилсин.
3. Аталган жер тилкеси боюнча керектүү документтерди тактоо жана даярдоо Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенештин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |