Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 3
Масы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы көрсөткүчтөрү жана 2017-жылга коюлган милдеттери жөнүндө
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2017-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаовдун Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2017-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана 2017-жылга коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мирзахматовго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |