Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 5
Масы айыл аймагында менчик багуучулардын баасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылындагы менчик багарлар менен өткөрүлгөн чогулуштун сунушун эске алып Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовдун сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүндөгү элдин менчик малдарын багуучуларга бир айга бир баш кой, эчки үчүн 80 сом, бир баш кара малга 280 сомдон баасы бекитилсин.
3. Менчик багарлар элдин мал жандыктарын алууда жугуштуу ооруларга каршы эмделгендиги тууралуу тактаманын негизинде кабыл алуусу жана жылдын 15- октябрына чейин жайлоодо кароо милдеттендирилсин.
4. Масы айыл өкмөтүндөгү элдин менчик малдарын багуучуларга бекитилип берилген баалардын негизинде алынып, жаткандыгы боюнча Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан текшерилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |