Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 7
Масы айылындагы дыйканчылыктарга түшкөн мал жандыктарына айып пул салуу жөнүндө
Масы айылындагы дыйканчылыктарга түшкөн мал, кой, эчки, жылкыга айып пул салуу жөнүндө Масы айылдык кеңешинин айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамытовдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйканчылыктарга түшкөн ар бир кой, эчки үчүн 500 (беш жүз сом), мал үчүн 1000 (миң сом), жылкы үчүн 1500 (бир миң беш жүз сом), сом өлчомүндө айып пул төлөө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго жана Масы айыл аймагы боюнча милициянын участкалык инспекторлоруна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, дин, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияны төрагасы С.Назаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |