Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 10
Жеке ишкер Р.Мараимовдун арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылындагы борбордук эс алуу багында жайгашкан скважинадан Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчага жеке ишкер Р.Мараимовдун өздүк каражаттарынын эсебинен суу түтүктөрүн улаштырууга макулдук берилсин.
2. Пайдаланган сууга акча каражаттарын төлөө үчүн Масы муниципалдык комбинаты менен келишим түзүү Р.Мараимовго жана Масы муниципалдык комбинатына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |