Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 1
Масы айыл аймагындагы бала-бакчаларда жана мектептерде камкордук кеңешин түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылындагы бала-бакчадагы жана мектеп окуучуларга, мугалимдерге дем берүү максатында Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагындагы бала-бакча жана мектептерде камкордук кеңеш түзүү боюнча ата-энелер комитети, Масы айылдык кеңешинин округдар боюнча депутаттары менен чогулуш өткөрүү жагы сунушталсын.
2. Масы айыл аймагындагы бала-бакча жана мектептерде камкордук кеңеш түзүү боюнча ата-энелер комитетинин чогулуштарында бир айлык мөөнөттө каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият, коомдук уюмдар, инвестиция жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |