Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4
Масы айыл аймагынын тургуну А.Майрамбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айыл аймагынын тургуну, спорт чебери СССРдин 1961-жылдагы бокс боюнча чемпиону А.Майрамбековдун кайрылуусун карап чыгып Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын тургуну А.Майрамбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагынын тургуну, спорт чебери СССРдин 1961-жылдагы бокс боюнча чемпиону А.Майрамбековго Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10 000 (он миң) сом, мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
Төрага | А. Нарматов |