Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 5
Масы айылынын тургуну маданият кызматкери Ш.Акрамованы кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айыл аймагынын тургуну, Ноокен районунун маданият тармагында 18-жылдан ашуун үзүрлүү эмгегин эске алып жана анын кайрылуусун карап чыгып Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын тургуну маданият кызматкери Ш.Акрамованын кайрылуусу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагынын тургуну, Ноокен районунун маданият тармагында 18-жылдан ашуун үзүрлүү эмгегин эске алып Ш.Акрамовага Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5000 (беш миң) сом акча каражатын мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
Төрага | А. Нарматов |