МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 31-марты № 6
Масы айыл өкмөтүн электрондук сайт ачуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 30-беренесине ылайык Масы айылдык кеңешинин сессияларын коомчулук үчүн ачык өткөрүү жана бала-бакчаларда балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке коюу менен, ачык жүргүзүү максатында Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнө электрондук сайт ачылсын.
2. Масы айыл өкмөтүнө электрондук сайтты эки айлык мөөнөттө ачуу Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |