Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 1
Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин сурап кайрылган жарандардын арыздарын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун корутундусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнө караштуу төмөндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкелери Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилсин.
-Проектируемая көчөсүнөн 202,5 м2 жер тилкесин жашылдандыруу үчүн ижарага аукцион аркылуу;
-Новаи көчөсүнөн 496,5 м2 жер тилкеси жеке менчикке аукцион аркылуу;
-Кызыл-Октябрь көчөсүнөн 30м2 жер тилкесин ветеринардык сервис ачуу үчүн жеке менчикке аукцион аркылуу;
-К.Султанов көчөсүнөн 400 м2 жер тилкесин ижарага аукцион же конкурс аркылуу;
-Кызыл-Октябрь көчөсүнөн 50м2 жер тилкесин жеке менчикке аукцион аркылуу;
-К.Нурбаев көчөсүнөн 20м2 жер тилкесин ижарага эт сатуучу женил конструкциядагы дүкөн ачуу үчүн аукцион аркылуу;
-Сорокин көчөсүнүн айылдык маданият үйүнүн территориясынан 200м2 жер тилкесин ижарага бал муздак сатууга женил конструкция дукон курууга аукцион аркылуу;
-Р.Шерматов көчөсүндөгү Петролеум АЗСтин жанынан 600м2 га жер тилкесине менчик укугун берүүгө аукцион аркылуу;
3. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |