Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 2
Масы муниципалдык комбинатынын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы муниципалдык комбинатынын башчысы О.Макамбаевдин сунушу эске алынсын.
2. Масы муниципалдык комбинаттын элге кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. Физикалык жактар үчүн ар бир адам үчүн айына 15 (он беш) сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин.
4. Юридикалык жактар үчүн 1.0 м3 таштанды чыгаруу үчүн 379,11 сом өлчөмүндө төлөө белгиленсин.
5. Масы айылдык кенешинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 6-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |