Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011–жылдын 16–февралы № 17/2
«Гаузан–Таза-Суу» ИСКАКБ нын 2011–жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кароо жана бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл округунун кеңешинин сессиясы «Гаузан – Таза – Суу» ИСКАКБ нын 2011–жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кароо жана бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гаузан–Таза-Суу» ИСКАКБ нын 2011–жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1200455 сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айылдык округунун кеңешинин аймагындагы «Гаузан–Таза-Суу» ИСКАКБ нын таза ичимдик суусун пайдалануучуларга карата төмөндөгү тартипте тарифтер белгиленсин:
1. көчөдөн суу ичкендерге 1 айга 1 жанга карата–13сом 68 тыйын өлчөмүндө.
2. короодон суу ичкендерге 1 айга 1 жанга карата–23 сом 94 тыйын өлчөмүндө.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Гаузан–Таза-Суу» ИСКАКБ нын төрагасы А.Абдыразаковко милдеттендирилсин.
Ынтымак айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Усонов |