Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 5
Масы айыл өкмөтүнө карашатуу Кызыл-Туу айылынын үстүнөн таштанды таштоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Масы айыл аймагында таштанды таштоо үчүн атайын жер ажыратуу жөнүндө айыл өкмөттүн сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үстүнөн атайын таштанды таштоочу 5,0 га жер тилкеси ажыратылып, трансформациядан өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Трансформациядан өткөрүү үчүн керектүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына жүктөлсүн.
3. Масы айылдык кеңешинин 2014-жылдын 12.02. № 6-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Нарматов |