Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 6
Масы айылдык кеңешинин депутаты Э.Магаматкуловдун сунушу жөнүндө
Масы айылдык кеңешинин депутаты Э.Магаматкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, маркум А.Токтомуратова жалгыз бой эне, жалгыз уулун тарбиялагандыгын жана анын Масы айыл өкмөтүндө бухгалтер кызматында 15 жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, анын уулуна материалдык колдоо көрсөтүү максатында Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын С.Шерматов көчөсүнүн тургуну маркум А.Токтомуратованын уулу Ө.Матиевге 50.000 (элүү миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкуловго сунушталсын.
Төрага | А. Нарматов |