Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 7
Масы айыл аймагындагы бала-бакчаларында кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы бала-бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ысык тамак ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү сумма 18 (он сегиз) сомдон бекитилсин.
3. Бала-бакчаларда тарбияланган балдар себебсиз келбей калган күндөргө ысык тамак аш үчүн толук акча каражаты төлөнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Жусупбековго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |