Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 8
Масы айыл аймагындагы калкты таза суу менен жабдуунун тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуунун тарифи суу өлчөөчү аппарат орнотулгандан кийин 1м3 сууга 19,30 сом ( он тогуз сом отуз тыйын) бекитилсин.
3. Масы айыл аймагындагы ар көчөдөгү суу түтүкторүнөн таза сууну пайдаланган кожолуктар ар бир адам үчүн бир айга 9,6 сом (тогуз сом алты тыйын) бекитилсин.
4. Масы айыл аймагындагы суу түтүктөрү орнотулган кожолуктарда ар бир адам үчүн бир айга 32,1сом (отуз эки сом, бир тыйын) бекитилсин.
5. Масы айыл аймагындагы мончосу бар кожолуктар үчүн ар бир адамга бир айга 53,0 сом (элүү үч) сом бекитилсин.
6. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |