Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 9
М. Балташевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун корутундусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шайымкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл өкмөтүнө караштуу төмөндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкеси Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилсин.
-Масы айылынын У.Карабаев көчөсүнүн М.Балташевдин там арка участогуна туташкан 340м2 жер тилкесин аукцион аркылуу сатуу жолу менен;
3. Токтомдун аткарлышынын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, таза суу, коммуналдык чарба, транспорт, архитектура, жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Төрага | А. Нарматов |