Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 10
Масы муниципалдык комбинатынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени жана Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы муниципалдык комбинатынын жетекчиси О.Макамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Масы муниципалдык комбинатынын 2017-жылга киреше жана чыгаша чыгымдары №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Масы муниципалдык комбинатынын 2017-жылга карата штаттык бирдиги № 2-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Нарматов |